Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 27-ноябры № 139

Максаттуу трансферттен түшкөн акча каражатын которуу жөнүндө

Шопоков шаарынын мэриясынын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан бизнес үчүн бирдиктүү салыктын көлөмүн жоготуу боюнча республикалык бюджеттен максаттуу трансферттен түшкөн 2072,4 миң.сом акча каражатын сметага ылайык бөлүштүрүү маселеси жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.70111 Аппарат бөлүмү боюнча:

- 3112 статьясы 300,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (генератор);

 

70111 Шаардык кеңеш бөлүмү боюнча:

- 2215 статьясы 250,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (башка чыгымдар);

 

70629 Турак-жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча: - 2215 статьясы 300,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (Жашылдандыруу).

-2221 статьясы 222,4 миң.сомго көбөйтүлсүн (Ынтымак к. суу түтүктөрү);

 

70811 Спорттук курулуштар бөлүмү боюнча:

-2231 статьясы 100,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (Спорткомплекстин жылуулугуна ком.төлөмдөр ).

 

70823 Клуб бөлүмү боюнча:

-3112 статьясы 300,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (кондиционерлер).

 

70825 Маданий иш-чаралар бөлүмүнүн:

- 2215 статьясы 200,0 миң.сомго көбөйтүлсүн (маданий иш-чаралар).

 

71092 Социалдык коргоо бөлүмү боюнча:

-2721 статьясы 400,0 миң сомго көбөйтүлсүн (Майыптар күнү жана балдарга жаңы жылдык белектер).

Бардыгы 2072,4 миң.сом.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэриясынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.В.Сергеевага жүктөлсүн.

 

Төрага

С.И.Назаров