Редакцияот 13.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 13-ноябры № 2513-VII

“2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2024-жылдын 6-сентябрындагы чыг. № 18-7676) “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

Н.Т. Шакиев