Редакцияот 17.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХII сессиясы

2023-жылдын 17-ноябры № 137

Бала бакчаларды биргелешип каржылоону токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №13-1/12124 катынын жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесин 6-пунктунун “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрунүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” негизинде 70911 Бала бакчалар бөлумүнүн 2218 статьясы “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу” боюнча ар бир балага бир күндүк тамак ашына 18 сом акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоону 2023-жылдын 01 ноябынан баштап токтотуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.“Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу” боюнча ар бир балага бир күндүк тамак ашына 18 сом акча каражаттын жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоону 2023-жылдын 01 ноябынан баштап токтотулсун.

2.Ушул токтомдун аткарылышы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

С.И.Назаров