Редакцияот 24.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин II кезексиз сессиясынын

 

2020-жылдын 24-марты № 2-1

 

Ак-Талаа айыл өкмөтүнө 2020-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ЖЧК “Мунушкордон” 50 000 ( элүү мин ) сом, ЖЧК “Чатыр-Таштан” 100 000 ( бир жүз мин ) сом, ЖЧК “Кол-Тетриден” 225 000 ( эки жүз жыйырма беш мин ) сом жана ЖЧК “ Бетегеден” 175 000 ( бир жүз жетимиш мин ) сом жалпы 550 000 ( беш жүз элүү мин ) сом акча каражатын кароо жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнө 2020-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ЖЧК “Мунушкордон” 50 000 ( элүү мин ) сом, ЖЧК “Чатыр-Таштан” 100 000 ( бир жүз мин ) сом, ЖЧК “Кол-Тетриден” 225 000 ( эки жүз жыйырма беш мин ) сом жана ЖЧК “ Бетегеден” 175 000 ( бир жүз жетимиш мин ) сом жалпы 550 000 ( беш жүз элүү мин ) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнсүн.

2. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында 550 000 (беш жүз элүү) мин сом каралсын.

3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Туюкбаев