Редакцияот 25.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин III кезексиз сессиясынын

 

2020-жылдын 25-июлу № 3-1

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга карата жылдык планы 499 004 сом бекитилсин.

2. Карантин учурунда гуманитардык жардамдын берилиши канааттандыраарлык деп белгиленсин.

3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Туюкбаев