Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 9- кезексиз сессиясынын
2019-жылдын 25-октябры № 9-1
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жылдырылган акча каражаты жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылы бюджетте электр энергиясына каралган акча каражаты башка жумуштар аткарылбай калгандыгына байланыштуу 70111 бөлүгүнөн 150,0 мин сом, 70911 бөлүгүнөн 50,0 мин сом жана 70921 бөлүгүнөн 1044,1 мин сом жалпы 1 244,1 мин сом акча каражаты жылдырылсын жана төмөнкүдөй бөлүнсүн.
· Экологияга 46 300 сом
· 2020-эл жана турак-жай каттоого банер үчүн 3000 сом
· Айыл өкмөтүнүн кабинеттерине табличка жасатууга 7700 сом
· Экотех инспекциясынын актысынын негизинде 26 000 сом
· Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүдө техникалык надзор жүргүзгөндүгү үчүн технадзордун эмгек акысы 46 500 сом.
· Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү кургак учук менен ооруган адамдарга 5 000с
· Салык инспекторунун ККМ аппаратынын тейлөөсүн бир жылдык узартууга 2 000сом
· ЭЦП (электрондук кол тамганын) бир жылдык тейлөөсүнө 3 000 сом
· Калинин айылынын борбордук көчөсүнө коюлган түнкү жарыктандыруусун техникалык шарттарын алуу үчүн 10 960сом.
· Памирлик кыргыздарга жардам 5 000 сом.
· Айыл өкмөтүндөгү томолой жетимдерге жардам катары 3 (үч бала) 15 000 сом .
· Т.Адыранов орто мектебинин ички ремонтуна 89 084 сом.
· Терек – Суу айылына керектүү ички көпүрөлөрүн алууга 188 500 сом
· Айыл өкмөтүнүн кенсесинеэмеректерди алууга 500 000сом
· Терек – Суу айылынын конторасына жылыткычтарды алууга 5 000сом.
· Къп жылдык ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды алууга 24 000сом
· Ветеринардык клиника салуу үчүн жер сатып алууга 150 000сом.
· 1-июнь балдар күнүнө 6 000сом.
· 3-декабрь майыптар күнүнө 10 000 сом.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |