Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №6

 

«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык менчик мүлктөрүн ижарага берүү жөнүндө».

Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине,”Муниципалдык менчик обьектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл өкмөтүнүн башчысы Ашырбаев Болот Сапарбекович ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктүү Бизнес өнөктөш “Ак-дан Жаңы-Базар” көп тармактуу айыл чарба кооперативине экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.

2.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ашырбаев Болот Сапарбекович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин

3.    Бизнес өнөктөш “Ак-дан Жаңы-Базар” көп тармактуу айыл чарба кооперативине -өткөрүп берүү кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;

-Ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;

-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине караштуу Жер ресурстары

кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик катоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик

мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы

жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте коттоодон

өткөрсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев