АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 7- кезексиз сессиясынын
2019-жылдын 27-августу № 7-1
“Нарын” Эркин Экономикалык Аймагынын 02.08.2019-жылдагы №23 чыгыш сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагына тиешелүү “Кара-Булак” участогундагы 200,0 га жер аянтанына индустриялык соода-логистикалык борборун курууга жана мөөнөтсүз пайдаланууга Нарын Эркин Экономикалык Аймагына макулдук берилсин.
2. Нарын Эркин экономикалык аймагынын кайрылуусун канааттандырууга жер маселелери боюнча комиссия иш алып барсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |