Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №10

 

«Керемет-Көч МЧББУна от казан салууга керектүү акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/930 чыгыш сандуу катынында көрсөтүлгөн Ак-Таш айылындагы “Керемет-Көч” МЧББУ мекемесинин от казанын салуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 КРсынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын 29-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:                                                             

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылындагы “Керемет-Көч” мектепке чейинки балдар бакча уюмунун имаратынын жылуулук системасын жакшыртуу максатында жаңыдан от казан салуу үчүн сметада көрсөтүлгөн 3 560 775 (үч миллион беш жүз алтымыш миң жети жүз жетимиш беш) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев