Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №12

 

«Мазарларды королоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/929 чыгыш сандуу катынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн кайрылуусун карап жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 КРсынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак жана Кайың-Суу айылдарындагы мазарларды королоо үчүн керектүү материалдарды сатып алууга 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев