Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №15

 

«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондуна сунуштоо жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/934 чыгыш сандуу катынын 3-5-7-пунктунда көрсөтүлгөн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын

тургуну Кожобеков Замирбектин уулу Кожобеков Курманбектин контрагын төлөө;

-Кайың-Суу айылынын тургуну Мендирман кызы Замиранын кызы Эрматова

             Мадинанын дарылануусу боюнча;

-Каныш-Кыя айылынын тургуну Рысбеков Бактыбектин ден соолугуна

байланыштуу жардам сурап жазган кайрылууларынын негизинде жашоо шартын карап акча каражатын бөлүп берүү үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резерв фондуна сунушталсын.

 

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.     Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев