Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 8 кезексиз сессиясынын
2019-жылдын 25-октябры № 9-3
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Чакиев Талантбек Абытбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаты Чакиев Талантбек Абытбекович өз шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу боюнча өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенештин депутаты Чакиев Талантбек Абытбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттыгына Терек-Суу айылынан кийинки көп добуш алган талапкерди аныктап берүү Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бултоктом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |