Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №22

 

«Абдыкеримов Турсунбекке жардам берүү жөнүндө».

          Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин жана депутат У.Абдыкеримовдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылынын тургуну Абдыкеримов Турсунбектин эки бөйрөгүнө операция жасатууга Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 500 000 (беш жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.     Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев