Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №24

 

«Долбоор сметаларды даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».

          Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/935 чыгыш сандуу катынын 2-пунктун крап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:                                                              

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы төмөнкү долбоор сметаларды даярдатууга 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин;

2.     -Ак-Таш айылындагы “Жаш-Тилек” бала бакчасынын жылутуу системасынын от казанын курууга 200 000 (эки жүз миң) сом,

-Курулуш айылындагы “С.Чоңдоева”атындагы бала бакчасынын жылытуу

системасынын от казанын курууга 200 000 (эки жүз миң) сом;

-Жаңы-База айылына сейил бак (Парк) салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;

-Чандалаш айылына ФАП салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;

-Ак-Таш айылына салынуучу Лыжа базасына 5 даана эс алуучу домиктерди салууга

       100 000 (жүз миң) сом;

-Кара-Булак айылына сейил бак (Парк) салууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом;

-Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы орто билим берүүчү мектебине

актовый зал салууга 500 000 (беш жүз миң) сом;

       -Чаткал райондук ЖДПБна медициналык калдыктарды залалсыздандыруу үчүн имарат     

курууга керектүү акча каражаты;

-Коргон-Сай айылындагы таза суунун долбоорун аягына чыгарууга 300 000 (үч жүз

       миң) сом;

- Жаңы-Базар айылынын “Аэропорт” учаскасына техникалар үчүн гараж салууга

       керектүү акча каражаты;

-Жаңы-Базар айылындагы Орозгүл Барпиева атындагы “Алтын-Өрөөн” МЧББУнун

мекемесинин сырткы короосун королоо, балдар ойноочу аянтча, ашкана куруу үчүн

       керектүү акча каражаты;

 

3.     Жогорудагы долбоорлор боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев