Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №25

 

«Бекер медициналык жардам берүү үчүн келген врачтарга тамак-аш, жатаканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».

            Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:                                                           

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу айылдарды кыдырып, элге бекер медициналык жактан жардам берүү үчүн келген врачтарды тамак-аш жана жатакана менен камсыздоого 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев