Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №26

 

«“Коомдук транспорт уюштуруу максатында микроавтобус сатып алуу жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин жана айылдык кеңештин депутаты У.Качканаковдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:                                                            

1.     Каныш-Кыя айыл аймагындагы жарандарга жол каттамына шарт түзүү үчүн, коомдук транспортту уюштуруу максатында КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пунктуна ылайык 4 (төрт) микроавтобус сатып алууга уруксат берилсин.

2.     2 (эки) микроавтобус алууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты 2024-жылга социалдык-экономикалык программада бекитилип, аткарылбай калган жумуштардын акчасынан бөлүнүп берилсин.

3.     Ал эми калган 2 (эки) микроавтобус сатып алууга 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.     Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев