Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XХ сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 119

Ашыкча түшүүлөрдү бөлүштүрүү

Шопоков шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыгынын ашыкча түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Негизги эсептин киреше бөлүгүн 2600,0 миң сомго көбөйтүү:

- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгын 2000,0 миң сомго;

- жеке жактардан транспорт салыгын 300,0 миң сомго;

- айыл чарба эмес жерлерден түшкөн салыкты 300,0 миң сомго.

Негизги эсептин чыгаша бөлүгүн 2600,0 миң сомго көбөйтүү:

70629 Турак-жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн

- 2212 статьясын 80,0 миң сомго көбөйтүү (шаардагы видеокамералар жана интернет үчүн төлөм);

- 2221 статьясын 1525,0 миң сомго көбөйтүү (Лондон конушунун суу түтүктөрүнүн кезектеги оңдоп түзөө иштери).

70811 Спорт боюнча бөлүмүнүн

- 2222 статьясын 185,0 миң сомго көбөйтүү (спорттук жабдуулар долбоорун биргелешип каржылоо);

- 3112 статьясын 100,0 миң сомго көбөйтүү(спорттук жабдуулар долбоорун биргелешип каржылоо).

70823 Клуб бөлүмүнүн:

- 3112 статьясын 100,0 миң сомго көбөйтүү (музыкалык аппаратура)

70862 Спорттук иш-чаралар бөлүмүнүн:

- 2211 статьясын 150,0 миң сомго көбөйтүү (чет өлкөдө спорттук ишчаралар)

- 2215 статьясын 300,0 миң сомго көбөйтүү (өлкөнүн ичинде спорттук иш-чаралар)

70921 Орто мектептер бөлүмүнүн:

- 3112 статьясын 60,0 миң сомго көбөйтүү (интерактивдик доска)

71092 Социалдык коргоо бөлүмүнүн:

- 2214,3112 статьясын 100,0 миң сомго көбөйтүү (унаа кызматтары үчүн төлөм)

Атайын эсептин киреше бөлүгүн 600,0 миң сомго көбөйтүү:

мектепке чейинки балдар мекемелери тарабынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер 600,0 миң сом.

Атайын эсептин чыгаша бөлүгүн 600,0 миң сомго көбөйтүү:

70911 Балдар бакча бөлүмүнүн

- 2215 статьясын 100,0 миң сомго көбөйтүү (башка чыгымдар)

- 2218 статьясын 500,0 миң сомго көбөйтүү (тамак аш)

2023-жылдын 1- жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ашыкча түшүүлөрүнөн чыгымдардын сметасына ылайык акча каражаты бөлүнсүн.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаарынын мэрдин орун басары Ч.Т.Токтогуловага жана бюджеттик-пландоо комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

К.С.Джеенчороев