ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шопоков шаардык депутаттар кеңешинин Х чакырылышынын XIХ сессиясы
2023-жылдын 22-июну № 113
Шопоков шаарынын тургундарынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Шопоков шаарынын мэри А. Т. Бекболотовдун маалыматын угуп жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган тургундардын тизмесин тактоо максатында, Шопоков шаардык кеңеш
Токтом кылат:
1.Жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган
тургундардын тизмесин тактоо максатында, Шопоков шаардык кеңешинин ар бир фракциясынан бирден депутат жана мэриянын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия, төмөнкү курамда түзүлсүн:
1.Токтогулова Ч.Т. – мэрдин орун басары, комиссиянын төрайымы
2.Казымбекова Т.Р. – жер адиси, комиссиянын катчысы
3.Джеенчороев К.С. – “Республика” партиясынан
4.Ридванов С.К - “Социал-демократ” партиясынан
5.Кульджигачев А.Т – “Бүткүл Жаштар” партиясынан
6.Тургуналиев А.Т – “Ата-Журт” партиясынан
7.Жекшенов Н.М – “Ишеним” партиясынан
8.Сатыбалдиев Б.Б – “Ордо” партиясынан
9.Жамбоев С.К – “Өнүгүү Прогресс” партиясынан
2.Комиссия кезекке турган жарандарды тактап, журналга катталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шопоков шаарынын мэри А. Т. Бекболотовго жана жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.И.Назаров |