Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №35

 

«Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын социалдык пакетине сунуштоо жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин жана айылдык кеңешинин депутаттары сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасындагы баардык техникаларга GPS орнотулсун.

2.    GPS сатып алууга керектүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, мыйзамдуулук жагын кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев