Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №37

 

«СафПласт ЖЧКсына чачыранды алтын казуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы “Метеостанция Чаткал” участкасынан чачыранды алтын кенин казып алуу үчүн 1,8 га жер аянтын бөлүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев