Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын

2024-жылдын 08-августу  №38

 

«Башкы-Терек айылына тартылуучу таза сууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Г.Абдыкеримованын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылына тартылуучу таза сууга 2024-жыл ичинде 19 122 176 (он тогуз миллион бир жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев