Редакцияот 13.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отурумунун

 

2021-жылдын 13-августу № 4/2

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча иштерди каржылоого макулдук берүү жана бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун 2021-жылдын 9-августундагы №2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктунун негизинде Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айындагы кирешелеринин 3800,0 миң сом ашыкча аткарылышынын эсебинен: МММБ департаментине 1-тиркемеге ылайык 2592,9 миң сом, шаардык мэриясына 2-тиркемеге ылайык 208,0 миң сом, шардык кеңешке 3-тиркемеге ылайык 177,0 миң сом, Өзгөн шаардык мэриясына караштуу муниципалдык аймактык башчыларынын эмгек акысы жана социалдык фонд төлөмдөрүнө 4-тиркемеге ылайык 490,8 миң сом, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын кызматчыларынын эмгек акысы жана социалдык фонд төлөмдөрүнө 5-тиркемеге ылайык 331,3 миң сом каржылоого макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктунун негизинде Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сметасынан 6-тиркемеге ылайык 3491,3 миң сом акча каражаты кыскартылып: “Өзгөн жашылдандыруу чарбасына” 7-тиркемеге ылайык 2735,5 миң сом, МММБ департаментине 8-тиркемеге ылайык 755,8 миё сом чыгашалар планына жылдырууга макулдук берилсин.

 

3. 2021-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен 300,0 миң сомду акча каражатын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын чыгашалар планына жылдырууга макулдук берилсин.

4. Өзгөн жашылдандыруу чарбасынын 2021-жылга карата сметасы 2735,5 миң сом өлчөмүндө 9-тиркемеге ылайык, штаттык бирдиги 1559,3 миң сом өлчөмүндө 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинен Өзгөн шаар курулуш бөлүмүн ажыратууга макулдук берилсин. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата сметасы 656,7 миң сом өлчөмүндө 11-тиркемеге ылайык, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата сметасы 325,4 миң сом өлчөмүндө 12-тиркемеге ылайык, МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасынан Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасына 13-тиркемеге ылайык 325,4 миң сом жылдырууга макулдук берилсин. Капиталдык курулуш бөлүмүнүн штаттык бирдиги 14-тиркемеге ылайык 541,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-14 тиркемелери)

6. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Өзгөн башкармалыгына, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагы Өзгөн шаардык муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жана көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Хасанов