Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №2

 

«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына кайрылуу жазган Чаткал районунун тургундарынын суроо талабына негиз Кара Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга макулдук берүү жана айкелин орнотууга 4 600 000 (төрт миллион алты жүз миң) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоону карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Кара Кыргыз автономиялуу республикасынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга макулдук берилсин.

2.    “Кожожаш” атанын айкелин Каныш-Кыя айылына орнотууга 4 600 000 (төрт миллион алты жүз миң) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.    Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев