Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №5

 

«Кошумча акча каражаттарынан мектептин ички ремонтуна бөлүп берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 30.08.2024-жылдагы №01-19/1108 чыгыш сандуу катынын 3-пунктун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүүдө кошумча жумуштары үчүн эсептелинген сметага ылайык 4 517 772 (төрт миллион беш жүз он жети миң жети жүз жетимиш эки ) сом акча каражаты кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен берилсин.

2.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.     Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев