Редакцияот 30.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №7

 

« Акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Нармырзаев Ильясбек Мансурхановичтин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн субсидия катары берилген 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кара-Терек участкасындагы көпүрөнү жана жолду оңдоо үчүн “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын счётуна которулуп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев