Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №11

 

« Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына арыз жазган Жаңы-Базар айылынын тургуну Нурбаева Чакүндүн уул кыздарынын жана айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын “Береке” көчөсүнүн аты 2022-жылдын 15-июлундагы №387 “КРсындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык “Баатыр эне” 57 неберенин, 130 чеберенин 3 кыбыранын чоң энеси Нурбаева Чакундүн ысымына өзгөртүлсүн.

2.     Көчөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ч.Нурбаеванын уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Жаңы-Базар айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев