Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №12

 

« Кара-Булак айылындагы көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты У.Качканаковдун Кара-Булак айылындагы көпүрөгө Беки уулу Арстандын ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылындагы көпүрөгө маркум Беки уулу Арстандын ысымы ыйгарылсын.

2.     Көпүрөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Кара-Булак айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев