Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №14

 

« Каныш-Кыя айылындагы мазарга ысым ыйгаруу жөнүндө ».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты У.Масалбековдун Каныш-Кыя айылындагы мазарга Курманалиев Масалбектин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы мазарга “Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери”, бир кылым жашаган айыл аксакалы маркум Курманалиев Масалбектин ысымы ыйгарылсын.

2.     Мазарга ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Курманалиев Масалбектин уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев