Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын

2024-жылдын 30-августу  №15

 

« Каныш-Кыя сайындагы көчөт өстүрүүчү жайга ысым ыйгаруу жөнүндө».

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты А.Жуматаевдин Каныш-Кыя сайында жайгашкан көчөт өстүрүүчү жайга Курманалиев Татабектин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя сыйындагы көчөт өстүрүүчү жайга “Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери” “Чаткал токой чарбасына эмгеги сиңген инсаны” маркум Курманалиев Татабектин ысымы ыйгарылсын.

2.     Көчөт өстүрүүчү жайга ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Курманалиев Татабектин уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

М.Ш.Аликеев