КҮНТУУ АЙЫЛ ОКРУГУНУН КҮНТУУ АЙЫЛ КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III отурумунун
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 3/29
Күнтуу айыл аймагындагы жарандардын жамааттык арызы боюнча(Теллибаева Кишимжан)
1. Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III отуруму күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жамааттык арыз боюнча жайыт комитети карап чыксын андан кийин иш алынып барылсын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джумалиев, Жайыт комитетинин төрагасы А.Садабаев, Жер комиссиясынын төрайымы А.Максутова Сокулук райондук мамлекеттик администрацияга барып анадан соң толук кандуу арыз ээлерине түшүндүрүү иштери алынып барылсын;
2. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.А.Тобоев |
|
|
|