Редакцияот 21.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 21-мартындагы № 4/1

 

“Кичи-Кемин айылдык Кеңешинин мекемесинин жобосун бекитү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу», аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү жоболорун бекитүү жөнүндө» буйругун эске алып Кичи-Кемин айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кичи- Кемин айылдык Кеңешинин мекемесинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Жооптуу катчы юридикалык жак катары каттоо үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Кичи-Кемин айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Э.У.Орозбаков