Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бириккен Кичи-Кемин айылдык Кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралындагы № 1/1

 

Бириккен Кичи-Кемин айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бириккен Кичи-Кемин айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22 - февралындагы № 1 протокол бекитилсин.

 

2. Бириккен Кичи-Кемин айыл аймагынын Кичи-Кемин айылдык Кеңешинин Орозбаков Эмильбек Усеинович шайланган төрагасы деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Орозбаков Э.У.