Редакцияот 09.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясынын

2024-жылдын 9-сентябры  №36

 

« Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндө».

          Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:  

1.     Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин аппараттын, атайын эсебинин 2222 беренесине бөлүштүрүлсүн.

2.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага:

 

И.Өмүрбеков