Редакцияот 13.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отурумунун

 

2021-жылдын 13-августу № 4/6

 

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Маматкасимов Сарварбек Маматсадиковичтин мандаты жөнүндө

   

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунушунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы № 641 токтомуна ылайык «Аманат» саясий партиясынан Маматкасимов Сарварбек Маматсадикович Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы № 641 токтомуна ылайык «Аманат» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Атаджанов Рахман Садиковичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.

3. Жаңы шайланган депутат Маматкасимов Сарварбек Маматсадикович Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.

     Төрага

А. Хасанов