ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 7-октябры № 5/2
«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын:
- «Өзгөн Таза суу» МИнын ишин дайыма көзөмөлгө алуу;
- «Өзгөн Таза суу» МИнын штаттык бирдигин оптималдаштырууну көзөмөлдөө;
- квартал сайын ишкананын аткарган иши боюнча отчетторун алуу;
- ишкананын кирешесин көбөйтүү максатында суу пайдалануучулар (кожолуктар, чарбалык эсепте иштеген жана бюджеттик мекеме-уюмдар, коммерциялык ишканалар) менен келишимдердин реалдуу түзүлүшүн жана кирешелердин толук төлөнүшүн көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүп, шаардык кеңешке маалымат берүү;
- мыйзам бузууга жол койгон ишкананын жетекчисине мыйзам чегинде чара көрүү.
3. «Өзгөн Таза суу» МИнын директоруна милдеттендирилсин:
- ЕБРР менен биргеликте жасалып жаткан долбоорду жандандыруу жагы ;
- суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча иш-чара иштеп чыгып, шаардык мэрия менен макулдашуу жана 2022-жылдын 1-январына чейин конкреттүү жыйынтык көрсөтүү;
- суу пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимдердин толук жана реалдуу түзүлүшүн, кирешелердин толук түшүшүн камсыз кылуу жана аткарылган иштер боюнча шаардык кенешке маалымат берүү;
- кирешелерди эффективдүү пайдалануу боюнча иш-чара иштеп чыгуу, кызматкерлердин эмгек акысын мыйзамдарга ылайык төлөөнү жөнгө салуу, ишкананын штатын оптималдаштыруу боюнча шаардык мэрия менен биргеликте кенештин кароосуна киргизүү;
- өнбөгөн төлөмдөрдү өндүрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышын камсыздоо;
- мекеменин башкы эсепчисине чара көрүү;
- тариф саясатын кайрадан карап чыгуу жагы .
4. Ишкананын финансы-чарбалык ишин көз каранды эмес аудит чакыртып текшерүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |