ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 7-октябры № 5/4
МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттарды Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жана Өзгөн шаар мэриясынын чыгашалар планына жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №988, 23-сентябрындагы №1005 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттын эсебинен (титулдук тизмеден) капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сметасына тиркемеге ылайык 24016,3 миң сом жылдырууга макулдук берилсин.
2. МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын эмгек акысына каралган акча каражатынын эсебинен 395,6 миң сомду, соцфонд төлөмдөрүнө каралган 71,6 миң сомду Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдагы сметасына жылдырууга жана муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын эмгек акысын Өзгөн шаар мэриясынын сметасынан төлөөгө макулдук берилсин.
3. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |
|
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-октябрындагы кезектеги V сессиясынын №5/4 токтомунун тиркемеси |
МММБ департаментинин 2021-жылдагы сметасында каралган каражаттын эсебинен (титулдук тизмеден) капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын 2021-жылдагы сметасына жылдырылган каражаттардын маалыматы | ||
| Аткарылуучу иштер | Керектелүүчү каражат. |
1 | Мажурум-Тал кварталына 75 орундуу бала бакча куруу | 3000000 |
2 | мыйзамсыз курулуштарга | 400000 |
3 | Проекттерди кароо үчүн арх.кадастр, и.т.д | 300000 |
4 | Цемент сатып алууга (200 т) | 700000 |
5 | Янги-Хаят кварталына бала бакча куруу | 2000000 |
6 | А. Навои мектебине кичи футбол аянтча куруу жана интернет зымын сатып алуу | 200000 |
7 | Бабур мектебине кичи футбол аянтча куруу, электр жабдыктарын жаңылоо, видео көзөмөл орнотуу, колесниктерин жаңылоо | 800000 |
8 | Ч. Айтматов мектебине кичи футбол аянтча куруу, жарыктандыруу, видео көзөмөл орнотуу, дарбаза орнотуу, лоток орнотуу | 1000000 |
9 | Гимназия мектебине кичи футбол аянтча куруу, суу чыгаруучу насос, отканасына вентиляциялык мотор алуу, мектептин тегерегин тосмолоо | 500000 |
10 | С. Шарипов мектебинин отканаасын оңдоо, 1 котел алуу | 500000 |
11 | Курманжан-Датка мектебинин отканаасын оңдоо, 1 котел алуу | 500000 |
12 | Ленин мектебине котельник куруу, трубаларды алмаштыруу | 1000000 |
13 | Салижан Шарипов, Бабур жана Гимназия мектебине 3 даана 14 орундуу ажаткана куруу үчүн | 1800000 |
14 | Ай-Мээрим бала бакчасына котельник куруу жана котел сатып алуу үчүн | 500000 |
15 | Ч. Айтматов орто мектебинин базасында курулуп жаткан бала бакчаны жасалгалоо үчүн | 200000 |
16 | Ай-Шооласы балдар бакчасына түнкү жарыткыч, отказанын оңдоо үчүн | 535700 |
17 | Булбулча балдар бакчасына ысык суу, ички электр системасын жаңылоо, дарбаза куруу | 200000 |
18 | Ак-кеме балдар бакчасынын курулуп жаткан ашканасынын долбоору туура эмес болуп калгандыгына байланыштуу кошумча каражат кароо | 40000 |
19 | Жол белгилерин чийүүчү техника жана краскасын сатып алууга | 200000 |
20 | Шаар көчөлөрүнө "лежащий полицейский" курууга | 200000 |
21 | Көчөлөргө лоток сатып алуу | 3500000 |
22 | Түнкү жарыткыч (прожектор) жана электр зымын сатып алуу үчүн | 1000000 |
23 | Фархад каналына таштама арык куруу | 1000000 |
24 | Ташлак кварталына жаштар борборунун иш кагаздарын даярдоо жана куруу | 500000 |
25 | Мажирим тал кварталына спорт зал куруу | 700000 |
26 | Төрт-көчө кварталында жаштарга спорт зал куруу | 700000 |
27 | Пайзабад кварталында жаштарга спорт зал куруу | 700000 |
28 | Борбор кварталына балдар ойноочу аянтты оңдоо | 100000 |
29 | Жаңы Өзгөн кварталына иш бөлмө куруу. | 50000 |
30 | Жаныбек казы кварталына ажаткана куруу. | 150000 |
31 | Гузар-1 кварталына иш бөлмө куруу. | 60000 |
32 | Ленин, Г.Тешебаев жана Скрябина көчөлөрүндөгү көпүрөнү оңдоо | 200000 |
| Жалпы | 23 235 700,0 |
| башка аткарылуучу иштер | 780 600,0 |
| Бардыгы | 24 016 300,0 |
|
| |