Редакцияот 07.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

 

2021-жылдын 7-октябры № 5/7

 

Өзгөн шаарынын вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы №938 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аттокуров Уланбек Аттокуровичти - Өзгөн шаарынын вице-мэри кызматына дайындоого макулдук берүүдө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык жетиштүү добуш албагандыгы белгиленсин.

2. Өзгөн шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Аттокуров Уланбек Аттокуровичтин кызматтык абалын мыйзамга ылайык кароо Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

     Төрага

А. Хасанов