ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 7-октябры № 5/9
Н.Азнабакиев атындагы сейил багынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы №938 сунуш катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбанов Хайрилажан Махаматшакировичти - Н.Азнабакиев атындагы сейил багынын директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |