Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз отуз биринчи  сессиясы.

 

2023-жылдын 18-сентябры № 138

Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 22-августундагы 01-06-1293 номериндеги кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2023-жылдын 22-августундагы 01-06-1293 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап чыгып, шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна негиз

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.    Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасындагы 46,3 га запастагы жерлер каатегориясынын жайыт түрүнөн “калктуу конуш” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.    46,3 га жердин ичинен көп кабаттуу турак жай куруу үчүн 5 га жер тилкеси ажыратылсын.

3.    Жерге муктаж болгон шаардын тургундарынын ар бирине 0,06 га өлчөмүндө жер участкасы ажыратылып берилсин.

4.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага:

А.Абдыразаков