Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

 

2021-жылдын 2-ноябры № 6/3

 

Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобосуна өзгөртүү киргиүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 19-октябрындагы №7 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1) Жобонун 3-беренесиндеги «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган адамга Өзгөн шаардык кеңешинин чечими менен ыйгарылат деген сөздөр «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган адамга Өзгөн шаардык кеңешинин чечими менен ыйгарылат. Добуш берүүнүн түрү шаардык кеңештин Регламентине ылайык сессияда аныкталат деп өзгөртүлсүн.

2) 3-беренеси «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу»наамы жылына 5 кишиге чейин ыйгарылат деген сөздөр менен толукталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

     Төрага

А. Хасанов