КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз отуз биринчи сессиясы.
2023-жылдын 18-сентябры № 142
Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасынын №1 контурундагы жайгашкан 46,3 га жердин башкы планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасынын № 1 контурундагы запастагы жерлер категориясынын жайыт түрүнөн калктуу конуштар категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан 46,3 га жердин башкы планын бекитүү боюнча кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна негиз
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасындагы 46,3 га жер аянтынын башкы планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Абдыразаков