Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясынын

 

2023-жылдын 21-декабры  №10

 Акматбек Маматкаимовдун өтүнүч катын кароо жөнүндө

Тарых илимдеринин кандидаты, Чоң-Алай энциклопедиясынын автор-түзүүчүсү Акматбек Маматкаимовдун өтүнүч катын карап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ачык-Таш альпинисттик база лагери жайгашкан аймактан, туристтердин, альпинисттердин эс алуу шартын түзүү максатында “Бульвар” уюштурулсун.

2.Ал бульварга кыргыздын алгачкы “Эверест” чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатовдун аты ыйгарылсын.

3.Бульвар “Эдуард Кубатов атындагы Alpin Бульвар” деп аталсын.

4.Бульварды кооздоп, заманбап эс алуучу туристтик аймакка айландыруунун аткарылышы Эдуард Кубатовго берилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

                                      А. Баатыркулов