Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Өрүктү айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XI сессиясы

 

2023-жылдын 3-ноябры № 5

Өрүктү-Сай айылынын тургуну Ш. Аманованын кайрылуусун кароо жөнүндө

          Өрүктү-Сай айылынын тургуну Ш. Аманованын Өрүктү айылдык Кеңешинин төрайымына 2-ноябрь 2023-жыл жазган арызын карап чыгып жана Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 3-ноябрь 2023-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин (199-жылдын 2-июну №45 Мыйзамы менен бекитилген) 12-18-беренесинин негизинде “Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

  1. Өрүктү айылдык Кеңешинин жер маселелери, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын 3-ноябрь 2023-жылдагы отурумунун аталган маселе боюнча корутундусу эске алынсын.

2. Өрүктү-Сай айылынын тургуну Ш. Аманованын там арка үчүн берилген жалпы аянты 4010,00 кв.м жер аянтынын ичинен 64,0 кв.м жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүгө (калкты тейлөө, азык-түлүк сатыгы менен кызмат көрсөтүү үчүн күбөлүк алуу) уруксат берилсин.

3. Жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүүдө иш-кагаздарын даярдоо боюнча иш алып баруу жана тиешелүү органдардан каттоодон өткөрүү жагы арыз ээсине милдеттендирилсин.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин жер, айыл-чарба, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К. С. Усенбаева