Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын монополияга
каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган тарабынан
контроль жүргүзүүнүн
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 794 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартиби (мында ары – Тартип) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан чарбалык субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген аракеттеринде, чарбалык субъекттердин бааларды, суроо-талапты, сунушту же товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүн өзгөртүүгө, белгилөөгө жана кармап турууга багытталган аракеттеринде (аракетсиздиктеринде), социалдык-маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууда, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жүйөлөштүрүлгөн сунушунда керектөө бааларын жогорулатуу (төмөндөтүү) белгилери боюнча жүргүзүлүүчү контролдук иш-чараларды жүргүзүү жол-жобосун аныктайт.
2. Бул Тартипте “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде жана “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) контролдук иш-чара – бул жеке ишкерлер, юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, аткаруу бийлигинин органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын контролдоо максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу контролдук-аналитикалык иш-аракеттердин комплекси;
2) мониторинг – Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоо предметине уюмдардын иши жөнүндө маалыматты максаттуу багытталган, системалуу, үзгүлтүксүз, бирөө аркылуу алууну жана талдоону билдирген мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) режими;
3) контролдук сатып алуу – бул контролдук иш-чара, анын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан керектөөчүлөргө товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө контролдоо субъекти тарабынан милдеттүү талаптардын сакталышын текшерүү максатында бүтүм жасоо үчүн кырдаалды түзүү боюнча иш-аракеттер жүзөгө ашырылат;
4) кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү – атаандаштыкты чектөөгө жана бааларды жогорулатууга багытталган монополиялык аракеттер, макулдашуулар (картель), макулдашылган аракеттер, ак ниетсиз атаандаштык байкалган жосундарды (аракеттерди, аракетсиздиктерди) далилдөө максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү көчмө текшерүү;
5) рейддик контроль – бул Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууларды ыкчам аныктоого багытталган контролдук иш-чара;
6) контролдоо субъекттери – Кыргыз Республикасынын тиешелүү товардык рынокторунда иш жүргүзгөн жеке ишкерлер, юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, аткаруу бийлигинин органдары жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддор, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, жеке жактар.
2-глава. Контролдук иш-чаралардын түрлөрү
3. Ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу орган контролдук иш-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) мониторинг;
2) контролдук сатып алуу;
3) кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү;
4) рейддик контроль.