КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-февралы №7
Калба айыл аймагынын Атайын (спец) счетундагы акча каражатын бекитүү жөнүндө
Калба айыл аймагынын жылдык жыйынтыгы менен 01.01.2023 жылга карата калган акча каражатын жумшоо максатында Калба айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Калба айыл аймагынын жылдык жыйынтыгы менен 01.01.2023 жылга калган 17,7 миң сом төмөнкү статьясына жумшалсын.
2. Статья 2215 “Ар кандай чыгымдар” 17,7 миң сом каралсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |