Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-марты №14

 

Калба айыл аймагынын жол жээктеги кароосуз жүргөн малдардын катышуусунда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу максатында маселени карап чыгып, Калба айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

1. Ветеринардык кызмат жана жайыт комитет менен биргеликте, жер жерлерде мал ээлерине түшүндүрүү иштерин күчөтүп, өзгөчө жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү ленталарды тагуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.

 

2. Кароосуз жүргөн малдардын ээлерине иш аракеттин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык таасир берүүчү чараларды көрүшсүн, ошондой эле айыл өкмөт башчылары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери көзөмөлгө алынып тийешелүү иштер милдеттендирилсин.

 

3. Түнкү убакытта кароосуз жүргөн малдарды анытоо максатында, тиешелүү рейддик иш – чаралар уюштурулуп атайын комиссия түзүлсүн.

 

4. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага жүктөлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат