Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 25-июнундагы № 33/VII-26
Б.А.Тыныстановага батирди акысыз негизде менчикке берүү жөнүндө
Б.А.Тыныстанованын “Кант шаарынын Базар к. №3-үйдүн 4-кв. жайгашкан батирди акысыз негизде менчикке берүү жөнүндө арызын, Чүй облусунун район аралык сотунун 2013-ж. 7-майындагы, Кант шаардык кеңешинин 30.09.2011-жылдагы № 192/XXIII-25 “Кант шаарынын Базар к. №3-үйдүн 4-кв. жайгашкан бөлмөнү Г.К.Турашевага акысыз негизде берүү жөнүндө” чечимин жокко чыгаруу боюнча Б.А.Тыныстанованын арызын канааттандыруу жөнүндө чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 7-майындагы аныктамасынын негизинде Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы №192/XXIII-25-токтому, Кант шаардык башкармалыгынын 2011-жылдын 30-сентябрындагы №231-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Чүй областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 7-майындагы аныктамасы жана Б.А.Тыныстанованын арызынын негизинде Кант шаарынын Базар к. №3-үйдүн 4-кв. жайгашкан батир акысыз негизде Тыныстанова Бактыгул Азизовнанын менчигине берилсин.
3. Кант шаарынын мэриясы Бактыгул Азизовна Тыныстанованын пайдасына тиешелүү токтом чыгарсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Кант шаарынын башкы адис-юристине (Джунушев А.К.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |