Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2019-жылдын 25-сентябрындагы № 109/XV-27
2020-2025-жылдарга Кант шаарын суу менен камсыздоо жана агын сууларды чыгаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Туруктуу комиссиялардын бирдиктүү отурумунун чечимин карап чыгып, 2020-2025-жылдары Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана агын сууларды чыгаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндөгү долбоорун талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2025-жылдары Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана агын сууларды чыгаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясынын планы бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- 2020-жылдары Кант шаарынын суу менен камсыздоо жана агын сууларды чыгаруу тутумун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иштер күчөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-ж. 3-декабрынан кечиктирилбей берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |