Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-июну №19

“Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнч түшкөн акча каражаты жөнүндө

Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөеванын “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде бериле турган 50,000(элүү миң) сом акча каражаты жөнүндө Калба айыл аймактык кеңешинин кезектеги 8 чакырылышынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Жергиликтүү бюджетти башкаруу тармагынын атайын счетунда пландан тышкары “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу түшүүчү 50,000 (элүү миң) сом акча каражаты Калба айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына олтургузулсун.

 

2. А.Огонбаев айылындагы №12 китепканасынын техникалык базасын чындоо үчүн 50,000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. Калба айыл өкмөтүнүн каржы, экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Джаманкуловго бөлүнгөн акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат