КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-августу №24
Калба айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын 3-сессиясынын протоколунун негизинде
Калба айыл аймагындагы Кара-Дөбө 1 Дача участогундагы №150-153-53/3 контурун «ОсОО» Келечек «Беш-Таш» кум шагыл карьер иштетүүгө Сейиткулов Белектин арызын карап чыгып, талкууга алынып Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагындагы Дача (Кара-Дөбө 1) участкасынан карьер ачуу боюнча айыл чарба комиссиясынын актысынын жана корутундусунун негизинде 10,7га болгон жер Сейиткулов Белекке Калба айыл өкмөтүнүн токтому менен келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттинин лицензиясынын негизинде жер аянты чектелип берилсин.
2. Карьер ачуу боюнча болгон тиешелүү ишкагаздарын толуктап берүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Т.Уметалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдө жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага жүктөлсүн.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |